РОСТОК. Бүгүн Германиянын Росток шаарында Европа өлкөлөрүнөн чогулган 100 миңден ашуун демонстрант жүрүш өткөргөнү жатат. Алар келерки жумада боло турган Чоң Сегиздик өлкөлөрүнүн кезектеги саммитине нааразылык билдирмекчи. Демонстрация учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максаты менен Ростокко миңдеген полицисттер тартылды. Бирок, бийликтер демонстрация тынч өтсө, полиция ага кийлигишпей турганын билдирди. Чоң Сегиздиктин саммити Германиянын Хайлигендаам курортунда келерки шаршембиде өткөрүлөт.