14:55 Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын абалына байланыштуу эл аралык жыйын болот

Жыйын 12-15-июнь күндөрү “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен Медиа институту өкүлчүлүгү жана Маалыматтык укук борбору тарабынан Ысыккөлдө өткөрүлөт. Ага Кыргызстандагы масмедиа өкүлдөрү жана журналистика боюнча эл аралык эксперттер катышмакчы.