Бейруттун христиандар жашаган аймагындагы жардыруудан кеминде 7 адам жаракат алды

Полициянын маалыматына караганда, чиркөөнүн жанына токтоп турган автобус жардырылган. Бул Ливандын армиясы өлкө түндүгүндө «Фатх аль-Ислам» тобунун согушкерлерине каршы операция баштаган 20-майдан берки Бейруттагы төртүнчү жарылуу болду.

Таңкы эл аралык кабарларды Бишкектен Шайырбек Эркин уулу даярдады