Түркиянын чыгыш тарабында Күртстан жумушчу партиясынын согушкерлеринин чабуулунан 8 түрк жоокери курман болду
Кабарларга караганда, бейрасмий Күрттөр кыймылынын мүчөсү микроавтобуста баратып, аскердик кайгуул жайга граната ыргыткан. 1980-жылдардын башында Түркиялык күрттөр баштаган көз карандысыздык үчүн куралдуу эрегиштен 37 миңден ашуун адам набыт болду.