11:59 Р. Гейтс: Америкалык базага байланышкан проблемаларды биргелешкен комиссия иликтеп жатат

АКШ коргоо министри Роберт Гейтс маалымат жыйынында ошондой эле базага байланышкан макулдашуу бардык башка мамлекеттер менен түзүлгөн макулдашуулардын нормаларына төп келет деп билдирди. Анын айтымында,
базаны пайдалануу Кыргызстан менен АКШнын эки тараптуу кызматташтыгы менен эле чектелбейт. Бул –Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерине кошкон салымы. (BuS)