Ооганстандын Хелманд провинциясында 20 чакты талиб согушкери курман болду

КАБУЛ. Ооганстандын коргоо миинстрлигинин маалыматына караганда, Хельманд провинциясында 20 чакты талибан согушкери кайыкта баратып, чөгүп кетти. "Азаттыктын" ооган кызматынын маалыматына караганда, окуя кечээ ооган аскерлери менен согушкерлердин ортосунда болгон куралдуу кагылыш учурунда орун алды. Өткөн жумада Хельманд дайрасында болгон ушундай эле кагылышууда ондогон талиб согушкери курман болгон.