Жергиликтүү жөөттөр коомунун басма сөз өкүлү Роман Шварцман фашисттер тарабынан өлтүрүлүп, жер астына жашырылган миңдеген адамдардын сөөгү Одесса шаарына чукул жерде газ куурун өткөрүү иштери маалында табылганын билдирди. Ал жерде 1941-жылы нацисттердин концентрациялык лагери болгон.