Орусиянын президенти Владимир Путин Вашингтондун Чехия менен Польшада антиракеталык система орнотуу пландары ишке ашса, Москванын ракеталары Европаны бутага алат деп эскерткен. Путин бул сөздөрү менен Европаны коркуткан жок, - деп билдирди Жорж Буш Германияда башталып жаткан Чоң сегиздин саммитин утурлай.