11:08 6-июндагы жер титирөөдөн жарылган үйлөр бар

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, Кемин районундагы Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Кошой айылындагы 41 үйдүн ээсинен арыз түшкөн. Алар үйлөрү ар кандай деңгээлде жарака кеткенин билдиришкен. Жалпысынан айылда 476 үй бар. Учурда министрликтин комиссиясы жеринде иликтөө иштерин жүргүзүүдө. 6-июнда болгон жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 80 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан Кыргыз тоо кыркаларында Шамшы суусунда болуп, титирөөнүн күчү ал жерде 5-6 баллга жеткен. (AiT)