Буш белгилүү уйгур активисти Ребия Кадир менен эки күн мурда Прагада демократия жана коопсуздук маселелерине арналган конференция учурунда кездешкен. Ребия Кадир Америкалык Когресстин 90-жылдары Шинжаңга барган делегациясына "мамлекеттик сырды" айтты деген жүйөө менен алты жыл түрмөдө отурган эле. Укук коргоочулар Кытай өкмөтүн уйгурларга каршы репрессия жасаганы үчүн айыптап жүрөт.