Рахат Алиев тууралуу казак президенти бүгүн калк менен өткөргөн Интернет конференцияда да сөз болду

Андагы суроолордун бирине жооп берип жатып Нурсултан Назарбаев күйөө баласына каршы козголгон кылмыш иши сотко жетишине көзөмөл салууну убада кылды. Ал эми сөз эркиндигине байланыштуу суроолорду комментарийлеген казак президенти сөз эркиндиги жоопкерчиликтин эркиндиги дегенди туюндурбасын, маалымат каражаттары мыйзамдын алкагында иштеш керектигин билдирди. Күйөө баласы Рахат Алиевге караган "КТК" телеканалы менен "Караван" гезитинин ишинин токтотулушу мыйзамга ылайык жазалганын кошумчалады.Үч сааткан жакын созулган суроо -жоопто турак – жай, саламаттыкты сактоо, билим берүү маселери козголду.