Ирандын өзөктүк программасы МАГАТЭнин Венада башталчу бүгүнкү жыйынын күн тартибиндеги башкы маселе болмокчу

Бул жыйында Атомдук кубат боюнча эларалык агенттик – МАГАТЭнин 35 өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган башкаруу кеңеши агенттиктин башчысы Мохаммед Эль-Барадейдин ирандын уранды байытуу иштерин уланытып жатышы боюнча баяндамасын талкуулайт. Бул арада Иран дипломаты Жавад Ваеди бүгүн Европа Биримдигинин жетекчилери менен Иран менен Евробиримдик ортосунда болчу сүйлөшүүгө байланышкан маселелерди талкууламакчы.