Мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков бүгүн жасады. Белгилүү болгондой 2004-жылы Кумтөр “Кыргызалтынга” 11 миллион доллар акча которуп берген. Ал акчаны өз кезегинде “Кыргызалтын” Африкада катталган “Эккерт” аттуу фирмага которуп жиберген. “Мына ошол бойдон ал акчадан дайын жок” дейт Исабеков. Анын маалыматы боюнча, акчаны которуу үчүн ошол кездеги өкмөт башчы Николай Танаевдин колу менен өкмөттүн токтому чыгарылган. Ал эми маркум Камчыбек Кудайбергеновдун колу жасалмаланган. Кудайберген ошол кезде “Кыргызалтындын” президенти болгон. (AiT)