ТАЛАС. Бул конкурс 1-класстан 5-класска чейинки окуучулар арасында өткөрүлдү. Балдардын тарткан сүрөттөрүндө массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин көз караштары чагылдырылган. Сүрөттөрдө “Азаттык”, анын “Ыңгайсыз суроолор” теле долбоору, анын алып баруучусу Кубат Оторбаев, Улуттук телеканалдагы Эрнис Кыязов алып барган “Багыт” программасы жана акыркы кездердеги Кыргызстанда болуп жаткан пикет, митингдерде журналисттердин катышуусу тартылып чагылдырылган. Биринчи орунга Бишкектеги митингди чагылдырган Бакайата районунун Чалдабар мектеп гимназиясынын окуучусу Мамбетаалы кызы Жаңыл ээ болду. Жалпы 60 бала конкурска катышып, алардын он беши кызыктыруучу байгеге жана беш бала баш байге менен сыйланышты. (UA)