АКШ президенти Орусия президентинин сунушун кайрадан "кызыктуу сунуш" катары мүнөздөдү

Бүгүн Софияда болгар президенти Георги Парванов менен чогуу өткөргөн пресс –конференцияда Жорж Буш Орусия президенти Владимир Путиндин Азербайжандагы радар базасын биргелешип пайдалануу сунушунун техникалык жактан аткарылуу мүмкүндүгүн билбесин айтып, эки тараптын эксперттери ортосунда консультациялар болуш керектигин белгиледи. АКШнын Ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Чехия менен Польшада орнотуу пландарына каршы чыккан Орусия Вашингтонго Азербайжандагы радар базасын чогуу пайдаланууну сунуш кылган эле. Мындай сунуш Чоң Сегиздин өткөн аптадагы саммитинде, эки президенттин жолгушуусу учурунда жасалган. Болгария - АКШ президентинин Европадагы бул жолку сапарынын акыркы бөлүгү болду. Софиядагы пресс-конференцияда Буш Косово Сербиядан көз карандысыздык алыш керектигин да кайталады.