18:30 Жалалабатта баш мыйзамды реформалоого байланышкан тегерек үстөл өттү

ЖАЛАЛАБАТ. Талкууну «Фридом хауз» уюмунун каржылоосу менен облустагы жарандарды колдоо борбору өткөрдү. Анда тынчтык жыйындарына, саясий акцияларга катышуучулар менен эмгек мигранттарынын укугу, кош жарандуулук, өлүм жазасы, соттордун көз карандысыздыгы жана соттук эл арачылардын макамы тууралу маселелер талкууланды. Саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү саясий акциялар маалында өкмөттүк күчтөр атайын каражаттарды пайдалануу менен митингчилердин укугун бузаарын, кош жарандуулукту мыйзамга өзгөртүү кийиргенден кийин кабыл алуу жагын белгилешти. Өлүм жазасын алып салуу маселесинде эки ачакей пикирлер айтылып, Жогорку Кеңешке саясий жана жарандык укуктар жөнүндөгү эл аралык пактынын өлүм жазасын жоюу жөнүндөгү протоколуна кошулууга чакырган кайрылуу кабыл алынды. (YA)