8:10 Кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны 17-июнда башталат

Бул жолку отурум Тажикстандын борбору - Дүйшөмбү шаарында болоорун «Азаттыкка» өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов кабарлады. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө 970 чакырым келген эки өлкө чек ара тилкесинин 460 чакырымдайы такталган. (SM)