14:00 Мамлекеттик кызмат үчүн кадрлардын улуттук резервине сынак уланууда

Бүгүн Чүй обулусуна караштуу ЖОЖ бүтүрүүчүлөрү арасындагы сынактын экинчи айлампасы Кыргыз улуттук университетинде өтүп жатат. Сынактын биринчи айлампасына 120 адам катышып, кечээ 66 бүтүрүүчү тандалып алынган. Алар бүгүн сынактын маектешүү – экинчи айлампасында ат салышууда. (ElenK)