15:00 Ысыккөлдөгү “Рух-Ордо” маданият борбору кореец ишкеринин колуна өттү

Бул тууралуу аталган маданий борбордун ээси Ташкул Керексизов журналисттерге маалымдады. Анын айтуусунда “Рух-Ордо Ташкул ата” деген жаңы аталыш алган маданий борборго мындан ары “Сан&компани” ишканасынын ээси Анатолий Сан жетекчилик кылат.
Ташкул Керексизов өзү Ысыккөлдүн тескей жээгинде, Тоң районунун аймагында 100 гектар жерди ээлеген “Аалам ордо” аттуу маданий комплекс тургузуп жатканын кошумчалады.