15:35 Милиция жер басып алууну каалагандарды кууп таратты

Бишкектин түштүк тарабындагы “Асанбай” кичирайонунун аймагындагы 15 гектар жерди турак-жай куруу максатында ээлеп алууга аракеттер 13-июндан бери болуп жаткан. Бүгүн түшкө жуук аталган жерде турушкан 250-300 чамалуу кишини милициянын калкан жана союл менен жабдылган атайын отряды келип, күч менен таратты. Милиция кызматкерлери алардын эки лидерин ички иштер бөлүмүнө алып кетип жаткан учурда жер басып алууну каалагандар менен тартип сакчыларынын ортосунда бир аз кагылышуу чыгып кеткен.
ИИМнин маалыматы боюнча жабыркагандар жок. Жер басып алууну каалагандардын айтуусунда милициянын машинасы бир аялды кагып кетип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.