Иран Салман Рушдиге рыцар наамын берүү чечимин айыптады

Жазуучу Салман Рушдинин "Шайтандын ыр саптары" деген чыгармасы үчүн Ирандын исламдык диний жетекчилиги аны өлтүрүүгө буйрук берген эле. 10 жылдан бери жашырынып жүргөн Рушдини Британия жакында рыцарлардын катарына алууга чечим чыгарган. Ирандын Тышкы иштер министринин маалымат катчысы Мохаммад Али Хосеийини муну мусулман дүйнөсүн кордоо деп баалады.