11:28 Кытайдан акыр-чикир чыгаруучу техника келет

ШКУнун Бишкекте өтүүчү саммитине карата кытай өкмөтү 1,3 миллион доллар эсебинде Кыргызстанга акыр-чикир чыгаруучу техника берет. Бул тууралу келишим катына Кыргызстан тарап үчүн Тышкы иштер министри Э.Карабаев, ал эми Кытай өкмөтү тарабынан Бишкектеги элчи Чжан Яньнянь кол коюшту. Маалымат ТИМдин басма сөз кызматынан алынды. (ElenK)