Ооганстандын Мянишен аймагындагы көзөмөлдү полиция кайра өзүнө алды

Кандагар провинциясындагы бул аймакты дүйшөмбү күнү талибдер басып алган эле. Кандагардын полиция башчысы Исматулла Ализайдын сөзүнө караганда, Мянишенди алууда полиция көп деле карышылык көрсөтүүгө кабылган эмес. Ошол эле учурда полиция тактикалык эсеп менен Горак аймагынан чыгып кетти. Талибдер бул аймак да өз колуна өткөнүн жарыялаган.