13:24 Эрик Арсалиев Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды

Бул иш чара бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында өткөрүлдү. Анда Эрик Арсалиевге депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшырылды. 10-июнда болгон кайра добуш берүүдө Эрик Арсалиев шайлоочулардын көпчүлүгүнүн добушун алып, жеңип чыккан эле. (AiT)