Саддам Хусейндин жакын тууганы, “химик Али” деген атка конгон Али Хасан ал-Мажид геноцид, адамзатка каршы кылмыш, согуш кылмыштары үчүн айыптуу деп табылды. Ал бул атка 1988-жылы күрттөргө каршы уулуу газ колдонгондугу үчүн конгон. Прокурордун ырастоосунда, Анфалдагы кампания маалында 180 миңден ашуун адам кырылган. Бул иш боюнча дагы 2 киши өлүм жазасына өкүм кылынды, 2 киши өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилди. Мосул шаарынын мурдагы жетекчисине тагылган айып далилдердин жетишсиздигине байланыштуу алынып салынды.