14:25 “Келкел” Бостериде төрт жаш ишкердин сабалышына байланыштуу окуяны иликтөөдө

Аталган уюмдун лидери Гүлшайыр Абдирасулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 23-июнь түндө төрт жаш ишкерди уюшкан кылмыштуулук менен күрөш боюнча агенттиктин ондон ашык кызматкерлери жөндөн-жөн эле сабап кетишкен. Токмок жеген балдардын экөөсү азыр Чолпонатадагы ооруканада жатат. Алар жергиликтүү прокуратурага арыз жолдошкон, бирок соттук-медициналык экспертиза өткөрүлө элек. Г. Абдирасулованын айтымында мындай кол көтөрүүлөр биринчи жолу эле эмес, буга чейин да кагылыштар болгон. Ошондуктан 28-июнда жергиликтүү жаштар “Кыргызское взморье” санаторийинин жанында нааразылык иш-чара өткөргөн жатышат. "Келкел" жаштар уюму азыр президенттин администрациясы, башкы прокуратура жана башкы укук коргоочу Турсунбек Акун менен байланышып, бул окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүүнү талап кылышууда. (EBM)