Орусияда Өзбекстандын 18 жараны кулчулуктан бошотулду

Федералдык коопсуздук кызматы Орлов аймагында кулчулукка кабылган өзбек жарандарын бошотту. Маалыматка караганда, тиешелүү документтерин алдырып койгон өзбек жарандары кул катары иштөөгө аргасыз болуп, качып кетүүгө аракет жасагандары сабалып турган. Акыры алардын төртөө эптеп качып чыгышып, өздөрүнүн абалы тууралуу жергиликтүү бийликке билдиришкен.

Таңкы эл аралык кабарларды Бишкектен Шайырбек Эркин уулу даярдады