Ал талкуу 28-июнда борбордогу Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейинде болот. Жыйында Кыргызстандын ири мамлекеттер менен мамилеси, Россия менен конфедерация түзүү демилгеси, батыш, түрк жана мусулман дүйнөсү менен биргеликте өнүгүүсүнө байланыштуу маселелер көтөрүлөт. Ошондой эле кандай шартта эгемендүүлүк сакталышы жөнүндө сөз болот. (AiT)