11:53 Кыргыз-казак чек арасынан Бангладешдин жети жараны кармалды

Алар Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. 25-30 жаштагы жарандардан Борбор Азия жана Россиянын жолдорунун карталары табылып, өздүк документтери жасалма экендиги аныкталууда. (AiT)