14:06 Кыргызстанда «PR Правило» аттуу орусиялык компаниянын өкүлчүлүгү ачылды

Компаниянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Болотбек кызы Гүлнаранын айтымында, акыркы саясий окуялар өлкөнүн имижине терс таасир этти. Бул абалды оңдоо үчүн эң биринчи кезекте жергиликтүү бизнес ишканаларын дүйнөлүк алкакта таанытуу керек. Ал эми компаниянын жетекчиси Владимир Черноусов Кыргызстан батыш да чыгыш да маданиятына кирбеген өзгөчөлөнгөн өлкө экенин белгиледи. Андыктан өлкөнүн имижин түзүүдө ушул факторду сөзсүз эске алыш керек деди Черноусов. (ESu)