Жыйында Кыргызстандын ири мамлекеттер менен мамилеси, Орусия менен конфедерация түзүү демилгеси, батыш, түрк жана мусулман дүйнөсү менен биргеликте өнүгүүсүнө байланыштуу маселелер козголмокчу. Белгилүү коомдук-саясий ишмерлер катышуучу бул жыйында эгемендүүлүк, улуттук коопсуздук жана территориялык бүтүндүк кандай шартта сакталышы тууралуу да сөз болот. (SM)