10:30 Жогорку Кеңеш 2007-жылкы бюджет долбооруна өзгөртүү киргизүүдө

Бул маселе боюнча каржы министри Акылбек Жапаров баяндама жасоодо. Долбоорго караганда бюджеттин чыгаша жагына 2 миллиард сом кошумча киргизилди. Министрдин айтымында, быйыл ички дүң продукциянын көлөмү мурда белгиленгендей, 5% эмес, 6%ке жетет. Ал эми инфляция 6%тен ашпайт. Быйылкы кирешенин 121 млн. сому Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитин уюштурууга сарпталат. Парламент отурумуна премьер министр Алмаз Атамбаев катышууда. (BuS)