11:20 Республикалык “СПИД” бирикмесинин кызматкерлери Украинага окууга жөнөп жатышат

Аталган бирикменин он сегиз кызматкери Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Киевдеги борборуна барышат. Кыргызстандык дарыгерлер, мээрман эжелер жана социалдык кызматкерлер бир жума бою оорулууларды кандай дарылоо керек, кантип коштоп жүрүп, жардам бериш керек экенин үйрөнүшөт. (EBM)