Лондондогу Уэмбли стадионунда өтүүчү концертти каныке Диананын каза болгонунун 10 жылдыгына карата анын уулдары Уилльям жана Гарри уюштурууда. Бул масшабдуу концертте ырчы Род Стюарат жана Дюран-Дюран тобу сыяктуу белгилүү ырчылардын эл астына чыгышы күтүлүүдө. Иш чара дүйнөнүн 145 мамлекетинде түз эфирде көрсөтүлөт. Каныке Диана 1997-жылы Парижде автокырсыктан каза болгон.