Түркияда теги армян журналист Грант Динктин өлүмү боюнча сот иши башталды

Журналистти өлтүргөн деген шек менен кармалган 18 адамдын үстүнөн сот иши Стамбул шаарында өтүп жатат. Журналист Динк 19-январда Стамбулдагы кеңсесинде өлтүрүлгөн. Анын аралыгында миңге жакын адам сот залынын сыртында нааразылык чараларын өткөрүүдө.