17:16 Жалалабатта жумуштуулук жана миграция башкармасынын эмгек жамааты көчөдө калды

Аталган башкармалыктын имараты Жогорку Соттун чечими менен Жалалабат шаарындагы «Учкун» уюмуна чегерилген. Шаардык соттун имаратты бошотуу чечимин аткаруу маалында башкарма жамааты менен сот аткаруучулардын ортосунда тополоң чыкты. 22-июндан бери ишканасына кире албай жаткан эмгек жамааты укуктары мыйзамдуу түрдө корголбосо, нааразылык акциясына чыгарын эскертүүдө. Шаардагы сот аткаруучулар кызматы эмгек жамаатынын дооматтарын негизсиз деп четке кагууда. (YA)