13:25 Бишкекте ШКУнун улуттук координаторлор кеңешинин жыйыны башталды

Улуттук координаторлор кеңешинин жетекчиси Б. Нургалиевдин катышуусу менен өтүп жаткан жыйынга Казакстан, Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын улуттук координаторлору, Орусия президентинин ШОС иштери боюнча атайын өкүлү Л. Моисеев, Тажикстандын элчиси М. Собиров катышууда.
Улуттук координаторлор кеңешинин жыйыны 7-июлга чейин созулмакчы. ШКУнун Бишкек саммити 16-августка белгиленүүдө.