16:10 Кыргызстан менен Тажикстан баңзаттарга каршы чогуу күрөшө турган болду

Дүйшөмбү шаарында эки өлкөнүн баңзаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктеринин жолугушуусу аяктады. 30-июндан 3-июлга чейин болуп өткөн жолугушууда тараптар баңзаттарды ташууга, сатууга жана бул боюнча шугулданган уюшкан кылмыш топторуна каршы биргелешип күрөшүү, бул багытта кызматташууну дагы күчөтүү тууралуу ой-пикир алышышты.
Аягында Кыргызстандын баңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Виталий Орозалиев менен Тажикстандын баңзаттарды көзөмөлдөөчү агенттигинин жетекчиси Рустам Назаров биргелешип иштөө тууралуу токтомго кол коюшту.