16:30 Кыргызстан туристтерге коркунуч алып келчү өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылды

Бул тизмеге Кыргызстан 2005-жылы март окуяларынан кийин киргизилген болчу. Туризм жана спорт боюнча комитеттин маалыматына караганда, учурда Кыргызстандын аброюн көтөрүү боюнча туризм тармагында максаттуу иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Ушул жылдын май айында Ысыккөлдө эл аралык туристтик жарманке болуп өттү. Ага 50гө жакын комапиялардын өкүлдөрү катышкан. (MSu)