Эки өлкөнүн кошуналаш облустарынын башчылары өткөн жуманын соңунда Өзбекстандын Фергана шаарындагы жолугушууда ушундай тыянакка келишти. Анда тараптар чек ара, суу, өз ара карым-катыш жана соода-сатыкка байланышкан маселелерди талкуулашты. Жыйында кандайдыр бир чечим кабыл алынбаганы менен тараптар мындан ары эки ортодогу майда барат айрым талаштуу маселелерди жергиликтүү деңгээлде биргелешип чечүү зарылдыгын белгилешкен. Жолугушуу Ош облусунун жетекчилиги менен Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин демилгеси менен өттү.(SM)