Орусиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү ШКУнун Бишкек саммитинин алдында, 14-августта башталмакчы. Кытайдын маданият күндөрү болсо саммиттен кийин, 17-августтан тарта өтөөрүн “Азаттыкка” маданият министри Султан Раев билдирди. Мындан сырткары саммиттин алкагында искусство фестивалы өтүп, ага бул уюмга кирген өлкөлөрдөн төрт жүзгө жакын чыгармачыл топтор катышаары күтүлүүдө.(SM)