Аталган коомдук бирикменин Оштогу бөлүмүнүн транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү долбооруна ылайык, курулуп жаткан жолдун боюна май куйуучу, техникалык жактан тейлөөчү, тамактануучу жана башка ушул сыяктуу он алты коммерциялык жайлар салынат. “Эл аралык ишкер кеңеш” мындай жайларды курууга уруксат берүүчү документтерди мамлекеттик органдардын сатып алган. Коммерциялык объекттер курулуп болгон соң, алар аукциондо сатыктыккка коюлат жана андан түшкөн каражат Баткен облусунун жол куруу боюнча коруна берилмекчи. (EBM)