18:19 АКШ аба-аскерий базасы Кыргызстанга ижара акы үчүн 17 миллион доллар төлөйт.

Бул тууралуу АКШ конгрессинин мүчөлөрү Вашингтондо Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков баштаган парламенттик делегация менен жолугушууда билдирген. Ошондой эле АКШ аскер кызматкери тарабынан атып өлтүрүлгөн кыргызстандык жаран Ивановдун маселеси Конгрессте сентябрда талкууланары маалымдалган. Кыргыз парламентарийи америкалык база кала беришин жактайт. Мунун экономикалык жана коопсуздук жагынан Кыргызстанга пайдасы бар деп билдирди "Азаттыкка" Исабеков.