Тажикстан чет элдик алпинисттерден акы алмакчы

Өкмөттүн спорт жана туризм боюнча комиссиясынын жетекчиси Музафар Бегматовдун билдиришинче, Памир тоолорунун 7 миң метр чокусуна чыгууну каалагандар 100 доллардан, ал эми 4 миңден 6 миңге чейинки чокуларды багындырам дегендер 50 доллардан акы төлөшү керек болот. Бегматовдун айтымында, түшкөн каражат тоолордун экологиясын коргоого жумшалмакчы.

Жаңыл Жусубжан, Прага