7:00 Кыргызстанга бүгүн казак премьер-министри Карим Масимов расмий сапар менен келет

Бул иш сапардын алкагында казак өкмөт башчысы бүгүн президент Курманбек Бакиев менен жолугушмакчы. Кыргызстандын премьер-министри Алмаз Атамбаев менен жолугушууда болсо эки мамлекеттин экономикалык алакалары, бардык багыттагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланат. Эки өлкө өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн соңунда биргелешкен коммюнике кабыл алынмакчы.(SM)