7:09 Бишкекте бүгүн кыргыз-казак ишкерлеринин бизнес-форуму өтөт

Анда эки өлкөнүн ишкерлери Кыргызстандагы келечектүү делген экономикалык долбоорлорду карамакчы. Бизнес-форумга эки өлкөнүн премьер-министрлери баштаган топтор да катышат. Өлкө башчысы Курманбек Бакиев кечээ Казакстандагы «Казына» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Кайрат Келимбетовду кабыл алуу учурунда бүгүнкү бизнес-форум казак президентинин жакында Бишкектеги сапары учурунда жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусунун башталышы экенин белгиледи.(SM)