МАССАЛЫК ТОПОЛОҢ ФАКТЫСЫ БОЮНЧА АЙЫПКЕРЛЕР КИМДЕР?

Апрелдеги митингдерде массалык башаламандыкка катышкан деген айып менен камака алынган Эркин Акназаров жана Жолдошбек Абдиевдин иши кечээ Бишкектеги 1-Май райондук сотунда каралышы керек эле. Бирок айыпталуучуларды сотко алып келүүгө мүмкүн болбогондуктан ишити кароо 13- июлга жылдырылды. Таңкы “Азаттыктын” суроолоруна “Кылым шамы” бей өкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова жооп берүүгө макул болду.
- Мына ошентип Эркин Акназаров жана Жолдошбек Абдиевге каршы сот иши болбой калды. Айыпталуучуларды сотко алып келүүгө мүмкүн болбоду деген да түшүнүксүз болуп турат. Анын үстүнө бул эки жаран тууралу маалымат акыркы күндөрү эле белгилүү болду окшойт. Алар тууралу сиз буга чейин билчү белеңиз?

- Жолдошбектин туугандары жана апасы атайын арыз менен “Кылым шамына” кайрылган. Алардын айтуусуна караганда, Жолдошбек митингдин катышуучусу экен, биринчи күндөн баштап эле катышып, митингдин идеясын, Конституциялык реформаны колдогон жигит экен. Бирок алар ал таш менен уруп, чыр чыгара турган адам эмес эле, мунун бардыгы милиция, күч органдары тарабынан газ колдонулуп, элди кууп, боз үйлөрдү талкалап баштаганда жооп катарында реакция болгон деп түшүндүрүп атышат.

Ал эми Эркинбек деген жигиттин келинчеги менен сүйлөштүм. Ал Эркинбек өзү Талас облусунун тургуну экен. Митинг болгон күндөрү Бишкекке өзүнүн жумушу менен келип, бир күн жөн гана кызыгып карап туруп кеткен экен элдин арасынан. Ошол күндөрү корреспонденттердин сүрөтүнө түшүп МСНге чыккан экен. Андан кийин 3-май күнү гана СНБнын кызматкерлери издеп таап кармап келишиптир. Ал эми 19- күнү бул жигит аянтта болгон эмес деп аялы айтып атат. Эми калганын соттук териштирүүдө көрөбүз. Бул жигиттер подвалда отурганда жолугушканга мүмкүнчүлүк болгон жок. Мен дагы өзүм кечээ сотко бардым эле, бул балдар өзү кандай көрсөтмө берет, кандай ролу бар билейин деп. Бирок кечээ сот болбой калды, буюрса кийинки сотко барып катышабыз.

- Дагы канча адам митингдер үчүн камакта отурат, белгилүүбү?

- Мага 26 адамдын тизмесин беришти. Бирок ошолордун ичинде Эркинбек Акназаровдун аты жок болчу. Демек, биздеги маалымат дагы так болбой калып атат. Отуздун айланасында го деп ойлоп турабыз. Бирок анын бардыгын улам сот болгондо көрөбүз. Кечээ дагы ошол жерде тургандардан маалымат алдык, кармалып турган үч таластык жигиттер бошонуп кетишиптир, баш коргоо чарасын өзгөрткөн окшойт деп түшүндүм мен. Баарын сот болгон убакта тактайбыз го деген оюбуз бар. Себеби бизге дагы ГКНБга кирип кармалгандар менен жолугушууга мүмкүндүк болбой атат.

- Кыргызстанда адам укуктарынын корголушу жаатында бей өкмөт уюмдардын салымы да аябай чоң болуп жатканы белгилүү. Кечээ бей өкмөт уюмдардын форуму өттү эле, ага сиз да, дагы бир катар белгилүү укук коргоочулар катышпаганын уктук. Ошонун себебин түшүндүрүп бере аласызбы, эмне үчүн катышкан жоксуңар. Бүгүн катышасызбы?

- Ар ким өзү үчүн жооп берсе керек. Кечээ менин катышпай калганымдын себеби, эч кандай форумдун жүрүшүнө каршылыгым жок, тескерисинче бир топ коюлуп аткан маселелерди биз колдойбуз. Ушул апрель окуясындагы катышуучулардын соту болуп калгандыгы болду. Экинчиден, биздин пландаштырылган мониторингибиз бар эле Беловодскиде атайын жабык спецучилище бар. Ал жерге акыркы бир жылдын ичинде үчүнчү ирет барып байкообузду жүргүзүп атабыз. Абдан чоң укук бузуулар бар. Ал жерде эки жылга кармалган балдардын срогу бүткөнүнө карабастан дагы алып калууга болгон аракеттер бар ата-энесинин, тууган-уруктарынын кийлигишкенине карабастан. Ошолорду жергиликтүү дирекция тарабынан кое берилбей атканын угуп барганбыз. Бул аябай чоң укук бузуу. Бир топ укук коргоочулар ошол жакта жолугушууда жүрдүк. Мен ушул себептен бара албай калдым. Ал эми форумдун уюштуруучулары тарабынан бизге чакыруу келгенде ар ким өзү катышсын, уюмдун атынан башка бирөөнү жөнөтпөгүлө деген шарт коюлган. Ошондуктан мен башка адамды жөнөтө албай калдым.

- Маегиңизге чоң ырахмат.