16:00 Бишкектин Ленин райондук соту «Агым» гезитине каршы доо арызды териштирип бүттү

Сот аксылыктардын арызы жарым-жартылай канааттандырылсын жана «Агым» жарыялаган «Он күн убакыт беребиз» деген макала аксылыктардын ар намысына шек келтирет деп табылсын деген чечим чыгарды. Сот чечимине эки тарап тең нааразы болду. Бул тууралу аксылыктардын сотко катышкан өкүлү Кубанычбек Маматкеримов билдирди. Анын айтымында, сот райондо катталбаган «Аксы» бириккен кыймылынын аксылыктардын атынан сүйлөөгө укуксуз экендигин, макалага кол койгондор Аксыда эмес Бишкек, Жалалабат, Ташкөмүр шаарларында жашагандыгы тууралуу көрсөтмөлөрдү эске алган жок. Аксылык өкүлдөр райондук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаар сотуна кайрылышмакчы.(YA)