Евро АКШ долларына салыштырмалуу дагы кымбаттады

Бейшемби күнкү соодада бир евро 1 доллар 38 сентке сатылды. Талдоочулар доллардын арзандашы АКШнын экономикасына болгон ишенбөөчүлүккө байланыштуу деп түшүндүрүшүүдө. Европалыктардын орток акчасы евронун наркы япон иенине салыштырмалуу да өстү.