Тиешелүү буйрукка орус президенти Владимир Путин бүгүн кол койду. Кремль жасаган билдирүүгө ылайык, бул чара “Орус Федерациясынын коопсуздугуна шек келтирген чукул шарттарга байланыштуу” көрүлдү. НАТОнун маалымат катчысы Жэймс Аппатурэ Россиянын чечимин артка чегинүү катары сыпаттады. Анын айтымында Альянс келишимди Европадагы коопсуздуктун жана стабилдүүлүктүн негизги пайдубалы деп эсептейт. Апрель айында Путин Россия келишимден чыгышы мүмкүн деп эскерткен эле. Аталган документке 1990-жылы Россия жана НАТОго мүчө мамлекеттер кол коюшкан. СССР кыйрагандан кийин ага алымча-кошумчалар киргизилген. Москва өзгөртүлгөн келишимди ратификациялаган, бирок НАТО Россия Молдова жана Грузиядагы аскерлерин чыгарып кетпей, келишимди бузууда деп, аны ратификациялаган эмес.